Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Гольяноводогу мыйзамсыз мигранттар үчүн лагер жабылды


Москванын чыгышында жайгашкан Гольяново районундагы мыйзамсыз мигранттар кармалган утурумдук шаарча жабылды. Орусиянын ички иштер министрлиги билдиргендей айрымдар депортацияланган, ал эми калган 234 адам Северный айылындагы чет өлкөлүк жарандар кармалчу борборго которулган.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон кийин орус бийлиги мигранттарга мамилесин катаалдатып, бир катар рейддерди жүргүзгөн. Мыйзамсыз жүргөн келгиндер үчүн мекенине депортация болгонго чейин атайын чатыр лагерлер уюштурулган. Алар жерде кармалган кыргызстандык төрт жаран бир нече күндөн кийин Москва шаардык ИИБнын чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которулган.

XS
SM
MD
LG