Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Исфарадагы окуяны кыргыз-тажик тарап чогуу иликтеп жатат


Бул туурасында “Азаттыкка” Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рыспеков билдирди. Ушул тапта окуя болгон жерде Баткен жана Согди облусунун күч түзүмдөрү ортосунда түзүлгөн оперативдүү штаб иштеп жатат.

Рыспеков кечээ “Исфарадагы үй-бүлөнү кыргыз тараптан келип атып кетишти” деп айтылган айрым версиялар туура эмес экендигин, кыргыз тараптын чек ара аймагы текшерилип, эч кандай издер табылбаганын, кылмышкерлер Тажикстандын өзүндө болгонун айтты.

Улан Рыспеков бул окуяда элди кайраштыруу аракети болуп жатканын, кечээ чек арага жакын жайгашкан Баткендин Самаркандек айылында “тажиктер келет экен” деп чочулагандар кача баштаганын билдирип, бүгүн ал жерде милиция күчтөрү көбөйтүлүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кабарлады. Эки элдин жарандарынын коопсуздугун сактоо боюнча кыргыз-тажик тарап келишимдерге да кол коюшту.

Кечээ таңкы саат төрттө Тажикстандын Исфара районуна караштуу Чорку айылдык кеңешинде белгисиз топ Абдукахор Халлоков аттуу тургундун үй-бүлөсүн атып кеткен. Атылган Абдукахор Халлоков Кыргызстан менен чектеш «Участка -5» деген жерде жашаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG