Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Египет: сот Хосни Мубаракты түрмөдөн бошотуу чечимин чыгарды


Апрелден берки соттордо Мубаракка коррупция боюнча тагылган үч айып алынып, аны шарттуу түрдө түрмөдөн бошотуу чечими чыгарылган эле. Бүгүн төртүнчү же акыркы иш боюнча чечим каралды.

Мубарак 2011-жылы ыңкылапта жүздөгөн элдин өлүмүнө айыптуу деп табылып, өмүр бою түрмөгө кесилген. Бирок быйыл жыл башында анын адвокаттары иштин кайра каралышына жетишкен болчу.

Мурдагы президент бүгүн эле түрмөдөн чыгар-чыкпасы белгисиз. Анткени прокурорлор соңку чечимди дале жокко чыгартууну суранып, кайрылышы мүмкүн. Жумуриятты 30 жылдай башкарган Хосни Мубарак 2011-жылы элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кеткен.

XS
SM
MD
LG