Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

АКШ: жашыруун маалыматты ашкерелеген Мэннинг 35 жылга кесилди


Бредли Мэннинг сот өкүмүн угуу алдында, 21-август, 2013
Бредли Мэннинг сот өкүмүн угуу алдында, 21-август, 2013
АКШда “Викиликс” сайтына жашыруун маалыматты берген деп айыпталган аскер Бредли Мэннинг 35 жылга кесилди. Мэннингге өкүмдү бүгүн Мэриленддеги сот чыгарды. Прокурорлор аны 60 жылга түрмөгө отургузууну сурашкан.

Мэннингге өткөн айда 20га жакын кылмыш боюнча айыптар тагылган эле, алардын эң олуттуусу – “Душманга жардам берүү” беренеси боюнча айып.

2010-жылы Иракта кызмат өтөгөн учурунда Мэннинг “Викиликске” Ирактагы жана Ооганстандагы согуштар жөнүндө миңдеген жашыруун маалыматты берген. 25 жаштагы аскер өткөн аптада өзүнүн аракеттери “күтүлбөгөн жыйынтык” берип, АКШга залака келтиргени үчүн кечирим сураган.

XS
SM
MD
LG