Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Сатыбалдиев Талды-Булак кениндеги абал менен таанышат


Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кеминдеги Талды-Булак алтын кенине барат. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Анын айтымында, өкмөт башчы кендеги чалгындоо иштеринин жүрүшү жана өндүрүштү ачууга даярдыктар менен таанышмакчы.

Талды-Булак-Сол жээк кени Кеминдин Орловка айылында жайгашкан. Анда чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Алтын-Кен” ишканасы 2014-жылдын биринчи жарымында алтын казып баштоону мерчемдөөдө.

Талды-Булакта алтындан сырткары күмүш жана күкүрт да казылып алынат. Изилдөөлөр боюнча алтындын көлөмү 78 тоннага жакын. Жергиликтүү калк 60 пайызы Кытай компаниясына, 40 пайызы “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомуна караган “Алтын-Кен” ишканасына каршы чыгып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. 2011-жылы сатып алган Кытай компаниясынын келишим мөөнөтү 2026-жылы бүтөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG