Тышкы иштер министрлиги Египеттеги окуялардан улам кыргызстандыктарды бул өлкөгө барбай турууга чакырып жатат. Аталган министрликтин маалыматында, учурда Египетте 314 кыргызстандык бар. Алардын көпчүлүгү студенттер. Ошондой эле министрлик өлкөдөгү окуялардан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок экенин кабарлоодо.
Египетте бир аптадан бери күч органдары менен бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлеринин кагылышы уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, окуялардан 900дөн ашык адам каза болду.(BkA)