Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

АКШ Сириядагы аймакты текшерүүнү сунуштады


АКШ Сирияда өкмөттүк аскерлер химиялык курал колдонду делген аймакты Улуттар уюмунун инспекторлорунун текшериши керектигин билдирип чыкты.

Оппозиция өкүлдөрү шаршембиде өкмөттүк аскерлердин акыркы күндөрдөгү химиялык курал колдонулган чабуулунан баш калаа Дамасктын айланасында 1300га жакын адам каза тапканын айтып чыккан. Сирия бийлиги болсо оппозициянын маалыматын четке кагып, муну жалган деп жатат. Ушу тапта БУУнун эксперттер тобу Сирияда 29 айга созулган жарандык согуш жүрүшүндө химиялык курал колдонулду делген аймактарды текшерүүдө.

Ал ортодо кечээ кечинде Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши бул маселени талкуулоо үчүн чукул чакырылган жыйынга чогулду. Анда Коопсуздук кеңеш мүчөлөрү оппозициянын билдирүүсүн дароо текшерүү тууралуу маселеде бир пикирге келе алган жок. Коопсуздук кеңеш мүчөлөрүнүн бир даары учурда Сирияда жүргөн БУУ эксперттери бул окуяны дароо текшериши керек дешсе, буга Орусия жана Кытай каршы чыкты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG