Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Азия оюндарында кыргыз командасы биринчи медалды алды


Кытайдын Нанкин шаарынан кыргыз делегациясынын басма сөз катчысы Жанар Кабыл кызынын билдиришинче, кыргызстандык 53 кг. салмактагы таэквандо чебери Искендер Осмонов коло медалга ээ болду. Бул команданын алгачкы медалы болуп саналат.

Бүгүн 50 метр аралыкта сууда сүзүү финалында Станислав Карнаухов жарышка чыгат. Женил атлетчи Тунукбек Аскарбеков 800 метр аралыкка чуркайт.
Кытайдын Нанкин шаарында 14-августта башталган Азия оюндары 25-августта жыйынтыкталат. Таймаштарда кыргызстандык 14 спортчу катышууда. (AzK/KMa)

XS
SM
MD
LG