Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Горбунов: шайлоочулар Навальныйга нааразы


Москва шаарынын шайлоо комиссиясы Алексей Навальныйдын баш калаанын мэрлигине талапкерлигин жокко чыгаруу маселесин карашы мүмкүн. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Валентин Горбунов билдирди. Анын айтымында, шайлоочулар Навальныйдын үстүнөн арызданышкан. Тактап айтканда, алар мыйзамсыз үгүт материалдарынын таркатылышына нааразылыгын айтышкан.

Навальный Твиттер аркылуу жооп узатып, "шайлоо комиссиясынын комментарийи - добуш берүү бир эле айлампа менен аяктабасын далилдейт",- деди.

Сурамжылоолор азыркы мэр Сергей Собяниндин алдыда баратканын көргөзүүдө, бирок бир да талапкер 50 проценттен көп добуш ала албаса, марага биринчи болуп келген 2 талапкер экинчи айлампада ат салышат.

XS
SM
MD
LG