Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Түштүк Вазиристанда талибдердин командири өлтүрүлдү


Пакистандын түндүк батышындагы жардырууда талибдердин жогорку даражадагы талаа командири Гулям Жан үч жансакчысы менен түшкөн машина шаршемби кечинде жардырууга дуушар болгон. Бул тууралуу “Азаттыктын” Машаал кызматынын кабарчысы билдирет.

Жардыруу Ооганстан менен чектешкен Мана кыштагында болгон. Азырынча талибдердин кол башчысын ким өлтүргөнүн эч ким моюнуна ала элек.

Гулям Жан “Өзбекстан ислам кыймылынын” жакын өнөктөшү деп саналган. ИДУну Батыш менен пост-советтик өлкөлөр террористик уюм катары кара тизмеге киргизген.

XS
SM
MD
LG