Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Москвадагы вице-консулу Алмаз Букалаев кабарлады. Анын айтымында, Москванын Гольянова аймагындагы мигранттар лагеринде кармалып турган 4 кыргызстандык алгач Москва шаардык милициясынын чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборуна которулган. Андан кийин аларды мекенине депортациялоо боюнча соттун чечими чыгып мигранттар Кыргызстанга жөнөтүлдү.
27-июлда Москванын Матвеевск базарында полицияга кол салуу болгондон кийин орус бийлиги мигранттарга мамилесин катаалдатып, бир катар рейддерди жүргүзгөн. Мыйзамсыз жүргөн келгиндер үчүн мекенине депортация болгонго чейин атайын чатыр лагерлер уюштурулган. 20-августта бул чатыр лагер жабылып, анда кармалып турган мигранттар Северный айылындагы чет өлкөлүк жарандар кармалчу борборго которулду.(BkA)