Ооганстанда 16 жайкын тургунду атып салган америкалык аскер кечирим сурады. 39 жаштагы сержант Роберт Бэйлс бейшембиде Вашингтондогу соттук угууда өз аракетин "коркоктук" деп атады.
Июнь айында АКШнын аскер соту Бэйлстен жайкын тургундарды атып өлтүргөнүн моюнуна алган арызын кабыл алган. Муну менен ал өлүм жазасынан кутулган.
Бэйлстин кылмышы Ооганстандагы согуш маалында жасалган эң кандуу кыргындардын бири катары аталып жатат. Былтыр мартта ал Кандагар провинциясынын жанындагы кыштакта 16 кишини атып өлтүргөн деп айыпталууда. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү аялдар менен балдар. Бул окуя өлкөдө кескин нааразылык толкунун жаратып, АКШ Ооганстандагы аскерий операцияларын убактылуу токтотууга мажбур болгон.