Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Орусия Украинанын Евробиримдик менен келишимине каршы чыгууда


Орусия президенти Владимир Путин Украина Евробиримдик менен эркин соода жүгүртүү тууралуу келишимге кол койсо, Бажы Биримдигине кабыл алууну катаалдантуу керектигин билдирди. Анын айтымында, кийинки аптада Москвага Украинанын өкүлдөрү келет жана бул келишим боюнча талкуу болот. Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин маалымат катчысы да Украинанын премьер-министри Николай Азаров кийинки дүйшөмбүдө Москвага сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн келерин кабарлады.

Украина Евробиримдик менен эркин соода жүгүртүү тууралуу келишимге ноябрда Вильнюстагы саммитте кол коюуга үмүттөнүп жатат. Мындай келишим Украинаны товарларын Европа базарын алып чыгууга жол ачат. Бирок Орусия бул өлкөнү Евробиримдик менен кызматташуунун ордуна Бажы Биримдигине киришин кааларын ачык эле билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG