Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Бишкек-Кант жолуна төгүлгөн кара май мазут экени аныкталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, Бишкек-Кант жолунун онунчу чакырымында 150-200 метр жолго болжол эсеп менен 7-8 тонна мазут төгүлгөн. Мазут нефтибазадан чыккан жана азыр анын агымы токтотулду. Ушул тапта нефтибазада иштегендер жолго кум сээп, тазалап жатышат. Азыр жол каттамы калыбына келди. Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү окуя болгон аймакта жүрүшөт.(AzK)

XS
SM
MD
LG