Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Карагандада үч кыргыз жараны көз жумду


Бүгүн саат 06.00 чамасында Казакстандын Караганда-Балхаш жолунда кыргызстандык 3 жаран жол кырсыгынан көз жумду. Бул тууралуу Караганда облусунун Ички иштер департаментинин сайтына жарыяланды.

Сайттагы маалыматта, “Мерседес Бенц Спринтер” автоунаасынын айдоочусу, 1981-жылы туулган Бишкек тургуну аралыкты сактабагандыктан казак жараны айдап бараткан “КаМАЗды” артынан сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен “Мерседес Бенц Спринтер” автоунаасындагы Кыргызстандын үч жараны – 1966-жылы туулган эркек, 1974-жылы туулган аял жана 2013-жылы туулган бала ошол жерден жан берген.

Көз жумгандардан башка унаанын айдоочусу жана 12 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Шет районундагы ооруканага жаткырылды. Аталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды. (ST)

XS
SM
MD
LG