Ошто мектеп окуучуларына жана студенттерге акысыз медициналык кеңеш берүүгө багытталган долбоор улантыла баштады. Аны шаардык мэрияга караштуу жаштар комитети ишке ашырып жатат. Комитет төрагасы Сонунбек Жунусбаев “Азаттыкка” билдиргендей, ар үч ай сайын 60 улан-кыз жергиликтүү адистер тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана медицина кызматкери келгенге чейинки үй шартында дарылоо иштери боюнча кеңештерди акысыз алышат. Окуу жумасына эки жолу болот. Дарыгерлерге бул үчүн мэрия тарабынан эмгек акы төлөнөт.
Мындай окуу алгач 2012-жылы өткөрүлгөн. Толуктоолор менен улантыла баштаган долбоор 2014-жылы да уланат. (SE)
Мындай окуу алгач 2012-жылы өткөрүлгөн. Толуктоолор менен улантыла баштаган долбоор 2014-жылы да уланат. (SE)