Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Караколдогу зоопаркты сактап калуу аракети жүрүүдө


Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Бугу Эне» коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу коомдук фонддун төрайымы Салтанат Сеитова билдирди. Анын айтымында, фонд камкордукка муктаж жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жардам берет.

- Фонддун күчү менен элди жапайы жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакыруу максатында атайын иш-чараларды, маалымат берүү чараларын өткөрөт. Фонддун ишмердиги Мамлекеттик токой чарба агенттиги, республиканын ветеринардык кызматы, жапайы жаныбарларды жана айлана-чөйрөнү коргоо уюмдары менен бирдикте жүргүзүлөт, - деп билдирди Сеитова.

Эске салсак, Кыргызстандагы жалгыз зоопаркты 2002-жылдан бери толук түрдө германиялык НАБУ уюму каржылап келген, бирок ушул жылдын сентябрынан тарта немис уюму каржылоону токтоткон. (MK)

XS
SM
MD
LG