Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

АКШ жана Британия Сирияда чараларды караштырууда


АКШ президенти Барак Обама жана Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон Сирия өкмөтү карапайым элге каршы химиялык курал колдонду деген ырастоолорго камтама болгонун жана ага жооп катары айрым чараларды караштырып жатканын билдирди.

Ишембиде коопсуздук боюнча кеңешчилери менен жолуккан Обама маселени Кэмерон менен да телефондон талкуулады. Британия өкмөтү жасаган билдирүүгө ылайык, Обама менен Кэмерон шаршембиде болгон химиялык чабуул үчүн Сириянын куралдуу күчтөрү жооптуу деген олуттуу маалыматтарга тынчсыздануусун ортого салды.

Кошмо Штаттарынын айтымында, окуянын чоо-жайын иликтөө уланууда. Дамаск өкмөтү газ чабуулу тууралуу дооматтарды четке кагып, аны козголоңчулардын чагымы катары баалады. "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюму Дамаск жанындагы ооруканаларда көз жумган 355 кишиде жана 3 миң 600дөй бейтапта нейротоксикалык белгилер аныкталганын билдирип, муну уулуу газ чабуулу менен байланыштырды.

XS
SM
MD
LG