Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:09

Бишкек: Өзбекстан элчилигинин кызматкерлери жол кырсыгына кабылды


Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыкты. Кабарларга караганда, 22-август түнү Бишкектеги Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү кызматтык машинеси "Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктан соң элчиликтин кызматкерлери “Жигулинин” айдоочусуна кол көтөргөн. “Вечерний Бишкек” интернет басылмасы унаада Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов да бар болгонун, алардын баары мас абалда экенин жазып чыкты.

ИИМдин атын атабоону өтүнгөн кызматкеринин “Азаттыкка” билдиришинче, жабыркаган айдоочу милицияга арыз менен кайрылды. Учурда кырсыктын чоо-жайын Жол кайгуул кызматы териштирип жатат. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги жана Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөй да, тастыктай да элек.

XS
SM
MD
LG