15 жаштагы Темирбек Исакунов кара тумоо, же бубон чумасынан каза тапканын жекшембиде Республикалык карантин жана айрыкча кооптуу жугуштуу оорулар борборунан ырасташты. Ак-Суу районундагы Ичке-Жергез айылынын тургунунда 23-августта Караколдогу ооруканада кара тумоонун белгилери табылганын облустук дарыгерлер билдиришкен. Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Темирбек андан бир жума мурдараак Оттук капчыгайындагы мал баккан ата-энесине барып, ал жакта суурдун этинен шишкебек жасап жеген. Догдурлар тамакка оорулуу суурдун эти колдонулган деп болжолдоп жатышат. Чукул чаралар колдонуу максатында Республикалык резерв фондунан кара тумоого каршы вакциналар алынып, коркунучтуу оорунун очогу жайылышы ыктымал болгон аймакка жеткирилди.