Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкекте тулпарлардын көргөзмөсү өткөрүлөт


Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында 29-30-августта “Кыргыз тулпарлары” аттуу Жылкылардын экинчи адистешкен көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Анда таза кандуу англиялык, таза кандуу араб, таскактуу жана жүк тарткан жылкылар көрсөтүлөт. Көргөзмөгө эл аралык калыстар тобу калыстык кылмакчы.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз аттарынын сүрөт сынагы, кыска аралыкка ат чабыш жана жорго салыш, тай чабыш болот.

Көргөзмөнү улуттук спортту өнүктүрүү борборунун колдоосу менен “Саяпкер” журналы өткөрүүдө.

Уюштуруучулардын билдиришинче, иш-чара Кыргызстандагы асыл тукум жылкылардын баркын көтөрүү жана ат оюндарынын абройун арттыруу максатында уюштурулуп жатат. (МТо)

XS
SM
MD
LG