Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Калифорнияда ири суу сактагычты өрттөн коргоо аракети көрүлүүдө


Калифорниядагы токойлорду чалган өрт Сан-Францисконун суу менен камсыздоо системасына коркунуч туудурууда. Өрт өчүргүчтөрдүн башчысы Глен Стрэттондун айтымында, 17-августта башталган өрт жайылып баратат. Бирок өрттү жоюу операциясына тартылгандар “Хетч Хетчи” суу сактагычын коргой алышаарына ишенимин билдиришти.

Кечээ өрт суу сактагычка бир жарым километрге жакындап, күл сууну булгашы мүмкүн деген кооптонуулар пайда болгон. “Хетч Хетчи” Сан-Франциско жана айланасындагы конуштардын 2,6 миллиондой калкын суу менен камсыздайт.

Бир нече күн мурун губернатор Жерри Браун өрттөн жапа чеккен чөлкөмдөрдө өзгөчө кырдаал киргизген. Өрт өчүргүчтөр электроэнергия системасын да “тилсиз жоодон” коргоого аракеттенишүүдө. Айрым аймактардын тургундары эвакуацияланды.

XS
SM
MD
LG