Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Атамбаев: улут аралык мамилени бузгандар жазаланууга тийиш


Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев шейшембиде дин жана улут аралык мамилелерди өнүктүрүү боюнча эксперттик кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, этностор аралык жана дин чөйрөсүндөгү маселелер Кыргызстанда көп жылдар бою топтолуп, учурда коркунуч жаратууда. Мамлекеттик органдар болсо мындай маселелерди жөнгө салууда эксперттик коомчулуктун мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатат.

- Бул маселелер абдан татаал. Аларды кайсы бир мамлекеттик орган жалгыздап чече албайт. Бул маселелерди кеңири олтуруп талкуулоо зарыл. Биз этностор аралык чыр-чатакты көкүтүп, кастыкты тутандыргандар үчүн жаза колдонууга жетишүүгө тийишпиз-деди Алмазбек Атамбаев.

Ошондуктан, жарандык коомду бул маселелерди чечүүдө көмөктөшүүгө чакырды.
Коомдук эксперттик кеңеш этностор жана конфессиялар аралык мамилени өнүктүрүү, мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн. Анын негизги милдети аталган тармактардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат. Кеңешке диний эксперттер, укук коргоочулар жана окумуштуулар мүчө.(BkA)

XS
SM
MD
LG