Ингушетиянын коопсуздук катчысынын өлүмүн Москвадан барган тергөөчүлөр иликтей баштады. Алар Ахмед Котиевдин өлүмүн анын кызматтык ишмердиги менен байланыштырууда.
Ингушетиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Ахмед Котиевдин машинеси шейшемби эртең менен Малгобек-Назран жолунда аткыланган. Анда айдоочусу ошол жерде набыт кетип, өзү кийинчирээк ооруканада жан берген. Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров бул ишти өз көзмөлүнө алды. Ал Котиев аймакта исламчыл террористтерге каршы натыйжалуу иш алпарганы үчүн мындай тагдырга туш болгонун билдирип, аны өлтүргөндөрдү сөзсүз табуу керектигин кошумчалады.
Котиев бул кызматка 2011-жылдын апрелинде дайындалган. Өткөн июнда Котиевдин Малгобектеги үйү гранатомет менен аткыланып, эч ким жабыркаган эмес.