Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Кыргыз жана тажик жарандары жолугат


Ушул жумада Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынын тургундары менен коңшу өлкөнүн Чорку, Кожолу айылынын тургундары ортосунда кенен масштабда жолугуу болору пландалып жатат.

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Буга акыркы күндөрү чек аралаш аймакта ар кандай окуялардын жүз бериши себеп болгон.

20-август түнү Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында бир үй-бүлөдөн 4 киши атып өлтүрүлгөн. Андан соң Тажикстандын Кожолу айылынан өтүп бараткан кыргыз жарандарына тиешелүү 2 автоунаанын айнектери талкаланган. Мындан улам эки өлкөнүн тиешелүү органдарды кырдаалды биргеликте көзөмөлдөөгө макулдашты. Муну ишке ашыруу үчүн 27-августта Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жана Тажикстандын Согди облусунун милициясынын жетекчилери да жолугуп абалды талкуулашты.(JsA)

XS
SM
MD
LG