Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

Ак-Суу: 148 адам ооруканага жаткырылды


Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, Ак-Суу районунда кара тумоодон каза тапкан өспүрүм менен карым-катнашта болгон 148 адам жергиликтүү ооруканага жаткырылды.

Министрлик алдындагы санитардык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу департаментинин жетекчиси Төлө Исаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, ооруканада жаткандардын айрымдарынан дене табы көтөрүлүүдө. Алардан анализдер алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Алдын ала жыйынтык боюнча оорунун белгилери байкала элек.

Төлө Исаков коңшу Казакстан жардам иретинде кара тумоонун алдын алуу боюнча вакциналарды бергенин кошумчалады. 22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жашар өспүрүм кара тумоодон каза болду. Учурда бул аймакка карантин жарыяланып, тургундар эмделип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG