Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Ак-Суу: дене табы көтөрүлгөн 4 тургун ооруканага жаткырылды


Кара тумоо дарты чыкты делген Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылынын төрт тургунунун дене табы көтөрүлүп, аймактык ооруканага жаткырылды. Төртөө тең кара тумоодон каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон. Алардын анализдери лабораторияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жашар өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Өспүрүмгө кара тумоо суурдан жугушу мүмкүн экенин божомолдоп жатышат. Учурда бул аймакка карантин жарыяланып, аймак тургундары эмдөөдөн өткөрүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон 160 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын ал-акыбалы канааттандырарлык жана дене табы көтөрүлгөн жок. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG