Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

“Республиканы” коалициялык көпчүлүккө кошуу парламент талкуусуна коюлат


Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясын коалициялык көпчүлүккө кошуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ бир жыйынтыкка келе элек. Бул тууралуу коалициялык көпчүлүктүн жетекчиси, “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов “Азаттыкка” билдирди.

- Бул маселе сентябрь айында парламентте талкууланышы күтүлүүдө. “Ата-Журт” фракциясынан коалицияга кошулуу боюнча сунуш түшкөн жок. Конституция боюнча жок дегенде бир фракция оппозицияда болушу керек,- деди Кулов.

Буга чейин айрым маалымат булактары “Ата-Журт” коалицияга кирүүгө кызыкдар экенин аталган фракциядан депутат Акматбек Келдибековдун айтканына таянып жазып чыккан. Дагы бир "атажуртчу" депутат Курманбек Осмонов мындай сунуш болсо маселе талкууга алынарын “Азаттыкка” билдирди.

- Негизги шарт - коомдук-саясий жана тышкы саясатта пикирлердин дал келүүсү. Кызмат, чөйрө талашуу көп маани берилбейт. Мунун айынан өкмөт иштей албай жатат, - деди Осмонов.

“Республика” фракциясын коалициялык көпчүлүккө кошуу боюнча жумушчу топтор июнь айында түзүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG