Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” курган маеги учурунда белгиледи. Ал өлкөдө диний кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткенин, бул маселе күзүндө Коргоо кеңешинин жыйынында негизги маселе катары караларын айтты. Учурда дин маселесине байланыштуу материалдар топтолууда. “Бирок муну Совет мезгилиндегидей тыюу жолу менен эмес, диалог аркылуу жөнгө салууга аракет кылабыз”, - деди Атамбаев.
27-августта президенттин алдындагы дин жана улут аралык мамилени өнүктүрүү боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өткөн. Жыйын өлкөдөгү диний кырдаалга жана андагы маселелерге арналган. Жыйында президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө диний жаатта бир катар көйгөйлөр бар экенин айтып, бул тармакты мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керектигин белгилеген. (КЕ)