Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Багдадда мерт кеткендердин саны 44кө жетти


Багдаддын ар кайсы райондорундагы жардыруулардан улам мерт кеткендердин саны 44кө жетип, ондогон адамдар жараат алышты. Буга чейин кеминде 29 адам мерт кеткени кабарланган эле.

Бүгүн эртең менен Багдадда 11 чабуул орун алды. Алар шииттер көп жашаган райондордо уюштурулду. Ири шиит мечити жайгашкан Казимия районунда беш адам набыт болуп, отуз адам жарадар болгон.

Акыркы айда чабуулдардан үч миңден ашуун адам жабыркады. Алардын көбү акыркы учурда күчөгөн шииттер менен сунниттердин тирешүүсүнө байланыштуу. Сунниттер Иракта көпчүлүктү түзүшөт, алар шиттерден турган өкмөткө нааразы болушууда.

XS
SM
MD
LG