Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык өрт коопсуздугу кызматынын жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди. Ага ылайык, бүгүн кийин Ахунбаев-Абдрахманов көчөлөрүндө жайгашкан “Раут” аттуу кафеден өрт чыккан. Учурда Өрт өчүрүү кызматынын төрт бригадасы жеринде иштеп жатат. Өрт өчө элек. Анын эмнеден чыкканы жана канча зыян келгени азырынча белгисиз.(BkA)