Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Беларуста оппозициячыл Дашкевич бошотулду


Бүгүн Беларуста оппозициялык “Жаш фронт” уюмунун лидери Дмитрий Дашкевич бошотулду. Аны түрмөнүн алдынан аялы, достору жана журналисттер тосуп алышты. Дашкевич мындан ары да саясий ишмердүүлүгүн улантарын билдирди.

Дмитрий Дашкевич Минск шаарында 2010-жылдын 18-декабрында кармалган эле. Ал эки адамды урду деп күнөөлөнүп, эки жылга колонияга кесилген. Түрмөдө Дашкевичке басым жасоо уланган. Оппозициячыл саясатчыга президент Александр Лукашенкого түрмөдөн бошотуу суранычы менен кайрылууну сунушташкан, бирок Дашкевич кат жазуудан баш тарткан. Өткөн жылы түрмөнүн администрациясы Дашкевичке эрежелерге баш ийбеди деп дагы бир жыл берген.

Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдары Дашкевичти саясий туткун катары таанышкан.

XS
SM
MD
LG