АКШ Сириядагы өткөн аптадагы химиялык куралдын колдонулушуна каршы чара көрүү боюнча чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу президент Барак Обама шаршемби кечинде теле аркылуу сүйлөп жатып билдирди. Анда Обама Кошмо Штаттардын бийликтери Башар Асаддын режими 21-августта Дамасктын айланасында жайкын тургундарга химиялык курал колдонгонуна ынанганын кабарлады. Обама учурда бул үчүн Сирия өкмөтүнө жооп кайтаруу боюнча ар кыл жолдору каралып жатканын, кандай болсо да АКШ Башар Асаддын режимине “катуу эскертүү” берерин убада кылды.
Ошол эле учурда Кошмо Штаттардын бийликтери Сирия өкмөтүнүн химиялык курал колдонгону тууралуу эч кандай далилдерди көрсөтө элек.
Шаршембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Британиянын сунушу боюнча бир пикирге келе алган жок. Британия Сирия өкмөтүнө каршы аскердик чара көрүүнү сунуштаган. Орусия бул сунушка каршы чыгып, Башар Асаддын режимине каршы күч колдонуу “апаатка” алып келерин эскертүүдө. Шаршембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Роухани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө маселени дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин белгилешти.