Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жети-Өгүз: акча талап кылды делгендерге кылмыш иши козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Тилек Чокморов билдирди:

- “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын өкүлү Дуглас Гриердин арызынын негизинде ыкчам иликтөө өткөрүлдү. Кыргызстандын жарандары Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курмановдор ишканадан 3 миллион доллар талап кылган факт аныкталды. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши 28-августта ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Комитеттен билдиришкендей, кылмышка шектелгендерге каршы тергөө чарасы көрүлө элек.

Жети-Өгүздө Кумтөр кенинин иштетилишине каршы май айындагы митингдин уюштуруучулары делген Жунушбаев менен Курманов ишкана айтылган сумманы берсе, мындан кийинки каршылык акциясын болтурбоо жөнүндө убада беришкен. Бул тууралуу кечээ Коомдук биринчи каналда жарыяланган жашыруун тасмада айтылат. (AKu)

XS
SM
MD
LG