Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:56

"Кумтөр": диалогдон баш тартпайбыз


Массалык маалымат каражаттарында тымызын тартылган тасма жарыялангандан кийин кен ишканасы бүгүн расмий билдирүү таратты:

“Кумтөрдүн жетекчилиги массалык маалымат каражаттарында жарыяланган опузалоо фактысын иликтөө боюнча коопсуздук комитетине көмөктөшүүдө. “Кумтөр” Кыргызстан үчүн ишкананын токтоосуз иштөөсү канчалык маанилүү экенин түшүнөт. Тилекке каршы акыркы учурда талаптар аткарылбаса, жолду тосуу сыяктуу коркутуулар бизге дайыма түшүп жатат. Компания социалдык маселелерди чечүү үчүн диалогдон эч качан баш тартпайт. Андан сырткары аймактын жашоосун жакшыртууга багытталган социалдык долбоорлорду улантууну көздөйт”.

Компания ысыккөлдүктөргө сабырдуу болуу, мыйзамсыз аракеттерге барбоо өтүнүчүн жолдойт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кумтөр оперейтин компанинин” өкүлү Дуглас Гриер андан опузалап 3 миллион доллар талап кылышканы тууралуу арыз жазганын билдирди. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов шектелип жатат.

Аталган эки жаран "Кумтөргө" каршы пландалган митингди болтурбоо шарты менен жогорудагы сумманы талап кылышканы жашыруун тасмада айтылат. (AKu)

XS
SM
MD
LG