Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Жети-Өгүз: митингчилер Каракол-Бишкек автожолун буушту


Аталган жол Бишкек жана Каракол тараптан баратканда эки жеринен тосулуп турат. Райондун Саруу айылында 100гө чукул адамдын каршылык акциясына чыкканын “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Жолдо пайда болгон тыгындын айынан пикир келишпестиктер болуп, жүргүнчү, айдоочулар менен каршылык акциясынын катышуучулары айтышып жатат. Акциянын уюштуруучулары “Кумтөр оперейтинг компанинин” өкүлү Дуглас Гриердин келишин талап кылышууда.

Митингге чыккандар Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун таламын талашууда. Нааразы болгондор арасында май айында Жети-Өгүздө өткөн митингге катышкандар да жүрүшөт.

Кечээ маалымат каражаттарында митингди болтурбоо шарты менен “Кумтөр оперейтинг компаниден” 3 миллион доллар талап кылгандар тууралуу жашыруун тартылган тасма пайда болгон. Андагы Эрмек Жунушбаев жана Бахтияр Курманов тасманын монтаждалганын айтышты. Аларга каршы кылмыш иши ишкана өкүлү Дуглас Гриердин арызынын негизинде ачылган. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG