Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Таласта үй-бүлөлүк чырдан бир адам каза болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Абдысейитов билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын тургуну, 31 жаштагы аялдын жансыз денеси кечээ таңында табылган. Анын өлүмүнө шектүү катары 34 жаштагы күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүү жаран 28-августта түнкү саат бирлер чамасында мас абалында жубайын сабаганын, андан ары уктап калып, таңында гана тез жардам чакырганын облустук милиция кошумчалады.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмүнө (адамды атайлап өлтүрүү) ылайык иш козголуп, шектүү адам убактылуу кармоо жайында жатат. (MbA/AKu)

XS
SM
MD
LG