Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Царнаевдин дагы бир жолдошуна айып тагылды


Бостондогу жардыруунун уюштуруучусу деп шектелген Жохар Царнаевдин дагы бир курбусуна бейшембиде расмий айып тагылды. 19 жаштагы Робел Филиппос тергөөгө жалган маалымат берип, укук коргоо органдарынын ишине тоскоолдук кылган деп айыпталууда. Эми бул айып тасыкталса, ал 16 жылга соттолушу мүмкүн.

Филиппос казакстандык студенттер Диас Кадырбаев жана Азамат Тажаяков менен бирге жардыруудан соң Жохар Царнаевдин сумкасын жана компьютерин жок кылууга катышкан. Буга чейин ушундай эле айып казакстандык студенттерге да тагылган болчу. Бирок алар өздөрүнө тагылган айыпты моюнуна алышкан эмес.

15-апрелде Бостон шаарында марафон маалында болгон жардырууда үч киши набыт болуп, ондогон кишилер жараат алган. Аны уюштуруучулары делген Царнаевдердин кичүүсү Жохар абакта жатат, ал эми агасы Тамерлан болсо полиция менен атышууда жан берген.

XS
SM
MD
LG