Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:42

Өкмөт башчы Кытайда иш сапары менен жүрөт


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кытай өкмөтүнүн расмий чакыруусу менен бүгүн Үрүмчүгө барды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, премьер-министр Кытай Эл Республикасынын төрагасынын орун басары Ли Юаньчао менен жолугушат. Жолугушуу Үрүмчү шаарында болот.

Иш сапардын алкагында Сатыбалдиев Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын башчысы Хелен Кларк жана Кыргызстанда энергетикалык долбоорлордун курулушун жүргүзүп жаткан ТВЕА компаниясынын жетекчилиги менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Андан сырткары, Кытай жана Европанын экономикалык шериктештиги алкагында уюштурула турган ЭКСПО бизнес-форумуна да катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG