Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева кабарлады. Анын айтымында, учурда кара тумоодон каза тапкан өспүрүм менен карым-катнашта болгон 10 гана адам жергиликтүү ооруканада калууда. Калган 150дөн ашык адам саламаттыгына эч кандай коркунуч жок болгону үчүн үйлөрүнө чыгарылды. Министр кошумчалагандай, 30-августтан тарта Ак-Суу районундагы маркум өспүрүм жашаган Ичке-Жергез айылынан башка аймактарда карантин алынды. Ичке-Жергезде карантин 4-сентябрда алынары күтүлүүдө.
Ошондой эле райондун калкынын 92 пайызы дарыгерлердин кароосунан өттү. Учурда медициналык кароо улантылып жатат.
22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жашар өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Мындан улам аймакка карантин жарыяланып, тургундарды эмдөө жүргүзүлүп жатат.(BkA)