Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Чүйдө 5 жашар бала сууга чөгүп кетти


Кечээ Чүй облусундагы Р8 каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы Дастан Эмиловдун сөөгү табыла элек. Агып кеткен бала Бурана айылдык аймагына караштуу Мээнеткен айылынын тургуну. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, ал кечээ 1-сентбярь күнү кечке жуук агып кеткен. Токмок шаардык куткаруу кызматынын өкүлдөрү жана Дастандын туугандары тарабынан издөө иштери улантылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда 80 адам сууга чөгүп каза болгон. Облустар боюнча алганда, Чүйдө 27, Нарында 4, Таласта 3, Ысык-Көлдө 12, Жалал-Абадда 9 адам, Баткенде 5, Ошто 9 адам, Ош шаарында 5, Бишкек шаарында 6 адам сууга агып көз жумган.
Чөгүп кеткендердин 21и жаш балдар. (SE)

XS
SM
MD
LG