Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Мектептерге орус тили боюнча китептер берилет


Эртең 100 миң даанадан ашуун "Орус тили" китеби Ош жана Бишкек шаарларындагы мектептерге таратылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бириккен Улуттар уюмунун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Башталгыч класстар үчүн чыгарылган китептер ЮНИСЕФ менен Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси аркылуу Орусия элчилиги тарабынан басылган. Андан сырткары, мугалимдерге орус тилин окутуу боюнча 10 миң даана илимий-методикалык колдонмо берилет.

"Орус тили" Кыргызстандагы мектептерде тартыш болуп турган китептердин катарына кирет. Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйыл мектептер 70 пайыз окуу китептери менен камсыз болду. (SE)

XS
SM
MD
LG