Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Баткенде белгисиз парашютчуларды издөө токтотулду


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына конгон белгисиз парашютчуларды издөө токтотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, парашютчулар конду делген Сары-Жаз аймагында эч кандай шектүү адамдар табылбаганынан улам Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы жана Улуттук коопсуздук мамкомунун кызматкерлеринен куралган атайын топ издөө иштери токтотту.

29-август күнү таңга маал аталган аймакка 5-6 парашютчу конгонун жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Алар тиешелүү органдарга кабар берген соң, издөө башталган. Мындай иштерди коңшулаш Тажикстандын күч органдары да өз аймагында жүргүзгөнү айтылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG