Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Жапаров: тасманын артында ким турганы аныкталышы керек


Садыр Жапаров кечээ УКМК көрсөткөн тасманы таратылышынын артында кимдер турганы аныкталышы керектигин “Азаттыкка” билдирди. Ал бул окуя атайын уюштурулган деп эсептейт.

“Бул иштин артында бийликтин кайсы өкүлү турганы аныкталышы зарыл. Биз сурак берүүдөн качпайбыз, качан чакырса тартип коргоо органдарына келип сурак берүүгө даярбыз. Чындык аныкталышы керек”, - деди Жапаров.

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине тасмага байланыштуу Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров суракка чакырылган.

Тасма 2-сентябрда Коомдук телеканалдан көрсөтүлгөн. Анда оппозиция өкүлдөрү тарабынан ушул айда өлкөдө башаламандык уюштуруу, Нарын дарыясына химиялык күкүм кошуп жиберүүнү, ошондой эле Бишкек-Нарын жолун тосууну пландаганын Эрланбек Өмүркулов аттуу киши айтып берген. (SE)

XS
SM
MD
LG