Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Сатыбалдиев кылмыштуулукка каршы күрөштү сынга алды


Бул тууралуу шейшембиде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, кылмыш дүйнөсүнө жарыяланган күрөштүн жыйынтыгы сезилбей, уюшкан топтордун мүчөлөрү саясий системага кийлигишүүгө аракет кылып жатат. Мындан улам өкмөт башчы тартип коргоо органдарына уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүгө эки ай мөөнөт чектеди.

ИИМдин маалыматы боюнча өлкөдө 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Быйылкы жылдын 8 айында 89 кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Бул кылмыштуу топтор жергиликтүү бийликтердеги таасирин арттырууга аракет кылып жатат. ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүн башчысы Рафик Мамбеталиевдин айтымында, учурда кылмыш топтун мүчөсү делген 12 адам жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган. Ошондуктан күч органдары буларга жазаны күчөтүү боюнча мыйзамды кабыл алууну тездетүүнү суранды. (BkA)

XS
SM
MD
LG