Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Бүгүн Ак-Сууда карантин толугу менен алынат


Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, 30-августтан тарта Ак-Cуу районунда жарыяланган карантин Ичке-Жергез айылынан башка аймактарда алынган болчу. Каза болгон өспүрүм жашаган Ичке-Жергезден карантин бүгүн алынмакчы.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, маркум өспүрүм менен карым-катнашта болгон 7 адам жергиликтүү ооруканада кала берүүдө. Калган 155 адам саламаттыгына эч кандай коркунуч жок болгону үчүн үйлөрүнө чыгарылды. Алардын абалы жакшы. Ошондой эле райондун калкы дээрлик бардык пайызы дарыгерлердин кароосунан өттү. Учурда медициналык кароо улантылып жатат.

22-августта Ак-Суу районунда 15 жаштагы өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Мындан улам аймакка карантин жарыяланып, тургундарга эмдөө жүргүзүлдү. (BkA)

XS
SM
MD
LG