Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьяларына 3-сентябрда күбөлүк тапшырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. Төрага судьяларды өз милдеттерин аткарууда мыйзамдуулукту сактоого жана чечим чыгарууда көз карандысыз болууга чакырды.
Апрелде Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага сунуштаган 6 судьянын талапкерлигин президент жактырып, Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Парламент судьяларды шайлайт.
Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөгөн палатаны куроо аракети 2011-жылы башталган. Палата 11 судьядан турат, азыр анын 9у шайланып, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.
Конституциялык палатанын төрагалыгына Мукамбет Касымалиев шайланган. (SE)