Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

“Кумтөрдөн” акча сурады делгендердин туугандары нааразы


“Кумтөр оперейтинг” компаниясынан 3 миллион доллар талап кылды делген Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун айылдаштары аларга куру доомат коюлуп жатканын билдиришти. Мындай пикирди бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтышты.

Алар “Кумтөрдүн” жетекчилигинен өздөрү буга чейин социалдык муктаждыктарга беребиз деп, убада кылып келген каражат боюнча гана сүйлөшүшкөнүн айтышууда.

Августтун этегинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылып жатканы жөнүндө жашыруун тартылган тасма жарыяланган. Канадалык компания болсо бул кылмыш ишти иликтөөдө чекисттер менен кызматташып жатканын расмий билдирген болчу.

Аты аталган экөө азыр камакта. (ZB\SE)

XS
SM
MD
LG