Учурда Еврошаркетте жетекчилик кылып жаткан Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Армениянын Орусия башкарган Бажы союзуна кошулуу мүдөөсү Евробиримдик менен Ассоциация боюнча келишимди жокко чыгарат деди. Ал Евробиримдик Еревандын Бажы союзуна мүчө болуу мүдөөсүн урматтай турганын, бирок ошол эле маалда өлкө Евробиримдик менен да келишимге бара албасын, эки уюмдун бирин гана тандашы зарыл экенин белгиледи.
Армян президенти Серж Саркисян кечээ Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушкан маалда анын өлкөсү курамына Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы союзуна кирүүнү каалай турганын айткан.
Саркисян “Европанын структуралары” менен да диалогду жакшыртууну каалай турганын билдирди, бирок Евробиримдик менен ноябрда кол коюлат го деп күтүлүп жаткан документ жөнүндө эч нерсе айткан жок.