Оппозициянын пландарын ашкере кылды делген видеого байланыштуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине чакырылган Аликбек Жекшенкулов суракка барган жок. Ал адвокатынын колу бош эместигинен улам УКМКга барбагандыгын “Азаттыкка” билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаров да бүгүн суракка барбагандыгы айтылууда. Анын себебин билүүгө жана чакырылгандар боюнча УКМКдан толук маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.
Кечээ да оппозиция өкүлдөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов атайын кызмат тарабынан суралган болчу.
Атайын кызмат тарабынан Коомдук биринчи канал аркылуу 2-сентябрда көрсөтүлгөн тасмада оппозициядагылардын өлкөдөгү абалды курчутуу планы айтылган. Видеодо Эрланбек Өмүралиев деген адам оппозиция мүчөлөрү 8-10-сентябрь күндөрү башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын химиялык каражат менен жасалма уулоону пландаганын сүйлөгөн.
Оппозиция өкүлдөрү бул тасманы бийликтин чагымы катары сыпаттоодо. (SE)